КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин туңгуч президенти Эшим Кутманалиев каза болду
Бүгүн, 9-январда Кыргызстандын Олимпиада комитетинин туңгуч президенти, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эшим Кутманалиев 74 жаш курагында көз жумду. 11-январь күнү саат 10:00дө Спорт Ордосунда аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Мамлекеттик көптөгөн сыйлыктардын ээси Эшим Кутманалиев 1991-жылы КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп шайланып, кыргыз спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 1995-жылы Кутманалиев КМШ өлкөлөрүнүн Олимпиада комитеттери ассоциациясынын башкы катчысы болуп шайланып, үзүрлүү иштеген.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

