Түркияда бет түзүлүшү адамдыкына окшош козу туулду

Түркиянын Измир шаарына жакын жайгашкан кыштакта бет түзүлүшү адамдыкына окшош козу туулду. Козуну көргөнгө келген мал доктурлар анын мурду кетирекей, оозу жана ээги да адамдыкына окшош экенин айтышты. Бул тууралуу 13-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мал ээси кой бооз кезинде араң жүргөнүн айткан. Кой табигый жол менен эмес, ветеринарлардын жардамы менен, кесип алуу жолу аркылуу тууган.
Орусиялык басылмалар белгилегендей, козу өлүү туулган. Ветеринарлар эмне себептен анын жүзү адамдыкына окшош экенин айта албай жатышат. Алар "койго бооз кезинде курамында А витамини көп жем берилген, ушундан улам болушу мүмкүн" дешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
-2

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
билип билбей суйлоп алган да куноо болот билсенер!кичине жаратканга тообо келтирсенер боло.мазактагандын ордуна....
Туркия мусулмандардын олкосу.мындай аллахтан келген кудиреттер акыркы учурларда мусулман олколордо коп катталууда.бул да болсо бир эскерттуу мусулмандардын болунуусун бирктируу деп тушунсок жакшы болмок..........