Кыргызстанда чек ара режимин бузган кытайлык жарандар кармалды
Кыргызстанда чек ара режимин бузган кытайлык жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында чек ара режимин бузганы үчүн Кытайдын жарандары кармалышкан. Тиешелүү документтер толтурулган соң, аталган жарандар административдик айып пул төлөшкөн.
Буга катар эле Чүй чек ара отрядынын чек арачылары Ысык-Ата районундагы Чумыш аймагынан Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 14 кытайлык жаранды кармашкан. Кармалгандар “Боле” ЖЧКсында визаларынын убактысы өтүп кеткенине карабай иштеп жүрүшкөн. Учурда алар Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
toobaldaru

14.05.2014. 19:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ББга кирсек ушундайлар жакшы козомолго алынат эле да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.