Балдар үйүнүн жеткинчектери “Battle Skillzz-2014” фестивалында өнөрлөрүн көрсөтүшөт

Эртең, 15-майда Бишкектеги Курманжан датка атындагы аянтта балдар үйүнүн өспүрүмдөрү “Battle Skillzz-2014” фестивалында өнөрлөрүн тартуулашат. Бул фестивалга 6 балдар үйүнүн таланттары катышууда. Алар дасыккан чеберлер менен бир сахнада бийлешет. Бул иш-чаранын негизги максаты - балдарды бийге тартуу жана балдар үйүнөн чыккандан кийин коомчулукта ийгилик жаратуу үчүн алардын өз ишенимдерин арттырууга көмөк көрсөтүү.
Валерия Аслаповская, уюштуруучу: “Балдар бийлөө жана театралдык-бийлөө боюнча шоулордо өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле бийчилер жана актёрлор менен биргеликте заманбап бий менен театрды айкалыштырууга аракеттенишет”,- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.