super.kg logo

Бишкекте “Тигр” ыкчам аракеттеги тобунун эки кызматкери милиция кызматкерлери менен мушташып кетишкен

 

“Тигр” ыкчам аракеттеги тобунун эки кызматкери милиция кызматкерлери менен мушташып кетишкени үчүн кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканалардын биринде адамдардын мушташып жатканы тууралуу кабарланган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине эки адам кол көтөрүп, каршылык көрсөтүшкөн. Алар “Тигр” ыкчам аракеттеги тобунун кызматкерлери, 21 жаштагы Калык, 26 жаштагы Тилек аттуу жарандар болгон. Аталган жарандар укук коргоо кызматкерлери менен мушташып кетип, бир милиция кызматкери жабыр тарткан. Учурда аталган окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.05.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
качан болсо милиция кызматкерлери жабыр тартат. эч болбосо озунорду коргоп алып милицияга ишке киришсе жакшы болмок. ишениш кыйын буларга...
14.05.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тигр деп аты айтып тургандай жонокой адамдарды албаса керек шамдагай жигиттер экен.милицияга не ала беретда ким окууну бутсо аскерде кызмат кылса
14.05.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бойлору 1,95кенго дангал балдар кенго яяя
14.05.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jiide.8792, ооба тепсе темир узотурган гиганттарго
15.05.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция кызматкерлери кичине уялса боло, ичип жеп эле журо бербей кичине спорт менен достошсого мындай болбойт эледа,жаш балдардан келтек жеп даттанбай эле бутуруп койбоптурда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: