Драматург Мар Байжиев Кыргыз циркинин алгачкы мааракелик медалы менен сыйланды
Кыргыз циркинин 50 жылдык мааракесине арналып чыгарылган алгачкы медаль менен драматург, СССР кинематографиясынын отличниги, КРнын Эмгек сиңирген ишмери Мар Байжиев сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Кыргыз циркинен кабарлашты.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, драматург: "Цирк менин көз алдымда тургузулду. 1962-1963-жылдары репертуары калыптана баштаган кезде активдүү иш алып бардык. Мен ал кезде Маданият министрлигинде башкы редактор элем. Бардык тексттер, чыгармалар менин колумдан өтчү. Эмгегибиздин текке кетпегенине сыймыктанам",- деп ыраазычылыгын билдирип өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.