super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги Калыс-Ордо жаңы конушунун тургундары депутат менен жолугушууда мектеп куруу маселесин көтөрүштү

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев бүгүн, 14-май күнү бир нече мектептерде болуп, мугалимдер жана окуучулар менен жолугушту. Иш сапар Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунун мектебинде, андан соң Ак-Өргөө жана Арча-Башик жаңы конуштарынын мектептеринде уланды.

Калыс-Ордо конушундагы №86-мектепте болгон жолугушууда тургундар эл өкүлүнө мектеп куруу маселесин коюшту. Жаңы конуш түптөлгөнү балдар Коргоо министрлигинин бул аймактагы чарба объектисинин имаратында 3 смен менен окуп келишет. Мурдагы бийлик тушунда мектеп курууга деп жер тилкеси бөлүнүп, котлован казылып, түбүнө бетон куюлуп, пайдубалына даярдыктар көрүлүп башталып, ошол бойдон токтоп калган. 

Азыркы тапта аткаруу бийлиги буга карата "жер алдынан суу чыгат" деген шылтоону айтып келишет. Жергиликтүү тургундар "Бургулаганда 220 метр тереңдиктен араң суу чыккан жерде кайдагы суу?" деп таң калышат. Билим берүү жаатындагы маселелерди тынбай көтөрүп жүргөн депутат катары Каныбек Осмоналиевден бул конушка мектеп куруу маселесин оң жагына чечип берүүнү өтүнүштү. Эл өкүлү бир мамлекеттик орган экинчи мамлекеттик органга ижарага имарат бергени акылга сыйбас көрүнүш экенин айтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: