"Кудайберген" базарынын сатуучулары ижара акысынын жогорулашына байланыштуу нааразылык акциясын уюштурушту

Бишкекте бүгүн, 14-майда Кыргыз драма театрынын имаратынын жанында "Кудайберген" базарынын сатуучулары соода орундарынын ижара акысынын жогорулашына каршылык билдирип, экинчи ирет нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгон өздүк булактарыбыз кабарлады.
Маалыматка ылайык, сатуучулар ижара акысын көтөрбөөнү талап кылышууда. Андай болбосо кезексиз митингге чыга тургандарын билдиришти. Аталган акцияга 100гө жакын адам катышты. Учурда алар өз ордуларына тарашты. Буга чейин базардын сатуучулары айласыздан иштеп жатышкандарын айтып келишкен.
Эске салсак, апрель айынан бери Кыргызстандагы эң ири автотетик сатуучу "Кудайберген" базарынын сатуучулары ижара акысы эки эсе көтөрүлгөнүн айтып, нааразылык акциясын уюштурушкан эле. Бирок ал аракет натыйжа берген эмес.
Базардын жетекчилиги мындай кадамга 2005-жылдан бери жерге болгон ижара, салык төлөмдөрү көтөрүлгөнүнөн улам барганын жана ижаранын баасы соодагерлердин каршылыгына карабастан көтөрүлөрүн айткан.





бирок бир жагынан карасак жон эле чыга бербейт да.машинанын тетиктерин алып келип саттуу деле бир кыйла оорчулук жаратат.мунун баарын иликтеп келгенде барып барып эле баягы баялынын таягына барып такалат.жердин налогун котроуп койсо,ал келип ижараны кымататтып,саттуучу машинанын тетигин кымбататып,акырында дагы деле карапайым элге оорчулугу тийет.ушул нерсени чечип