super.kg logo
  Саясат  

“Ар-намыс” кыргыздын байыркы улуттук курал-жарактарына сынак жарыялады

 

9-январда Кыргызстан боюнча “Ар-намыс” саясий партиясы жана “Ар-намыс” фракциясы биргеликте унутулуп кеткен улуттук курал буюмдарын кайрадан жандандыруу жана аларды азем-белек катары пайдалануу максатында бычак, канжар, кылыч жана шампарларды мыкты жасагандарга сынак жарыялады. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы билдирет.

Аталган сынак эки этаптан турат. Биринчисинде улуттук белгинин үлгүсү катары бычактын кыны жана аңчылык, кесип-тууроочу бычактардын өзгөчөлүктөрү каралат. Мунун жыйынтыгы 25-февралда калыстардын чечими менен угузулат. Ал эми бычактардын эскиздери боюнча сынактын экинчи этабы ошол күнү жарыяланмакчы.

1-конкурстун байгеси- 25 000 сом

2-конкурстун байгеси- 10 000 сом

Ошондой эле партия жеңүүчүлөргө өз куралын автордук наамдан каттоого мүмкүнчүлүк берет жана Кыргызстандагы курал чыгаруучу өнөр жайларына сунуштайт.  

Калыстар тобу: “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, “Кыял” улуттук көркөм өнөр бирикмесинин башкы директору Султанбек Макашов, орусиялык илимпоз Юрий Худяков, жазуучу, тарыхчы Курманалы Сапарбаев, тарыхчы Амантур Жапаров, тарыхчы Октябрь Капалбаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: