super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева селдин кесепетин жоюуда Кеминдин бийлиги шалаакылык кылып жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева, депутаттар Наталья Никитенко менен Туратбек Мадылбеков 13-майда Кемин районундагы селден жабыр таркан Кызыл-Октябрь, Кара-Булак айылдарында болушту. Бул тууралуу депутат Асия Сасыкбаева "Парламент" радиосундагы түз эфирде билдирди.

Айтымында, 7-майда болгон селден жалпысынан 237 үй жана короо-жай жабыркаган. 12 баш мал өлүп, 128 гектар айдоо жерин кыян жууп кеткен. 

"Тургундар жергиликтүү бийлик табигый кырсыктын кесепетин жоюу жаатында шалаакылык кылып жатканын, комиссия тарабынан мурдатан эле авариялык абалдагы 6 үйдүн жараксыздыгы тууралуу акт түзүлгөнүн айтышты. Дагы 69 үй убактылуу байкоого алынганын билдиришти. Ал эми селден улам бузулган үйлөр негедир эске алынган жок. Бул туура эмес, себеби жарактан чыккан курулуштар көп", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: