super.kg logo

Жылнаама, 15-май: Мындан бир жыл мурун Таласта "Жер-Үй" кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясы башталган

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы "Жер-Үй" кенине жакын Таластын Чат-Базар айылында нааразылык акциясы башталган. Акцияга облустун баш-аягынан 100 чамалуу киши чогулган. Алар "Кумтөр" маселеси чечилмейин "Жер-Үй" кенин иштетүүгө каршы турарын айтышкан. Аталган алтын кени боюнча тендер 5-апрелде жарыяланып, ага бир гана британиялык "Континент финанс" аттуу компания документтерин тапшырган. 
 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Парламентте ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин сунушу боюнча орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргызстан тууралуу жосунсуз билдирүүсү боюнча маселе каралган. Жириновскийдин “Орусия Кыргызстандын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп айткан сөзүнөн кийин Жогорку Кеңеш Владимир Жириновскийди өлкөгө киргизбөө тууралуу токтом кабыл алган. 
* Мындан 19 жыл мурун, 1995-жылы Кытай өзөктүк куралдын кезектеги сыноосун өткөргөн. Жардыруу Такла Макан чөлүндө ишке ашып, адистердин айтымында, кытайлыктар шамал Орто Азияга соккон маалга тушташ сыноону баштаган жана мындан Кыргызстандын экологиясы жабыр тарткан.
15-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кумтор менен биргелешкен ишкананы тузмойунчо жеруйдун тендери откорулбойт, эгер бийлик туура натыйжада иштесе баарыле жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: