super.kg logo
  Саясат  

“Тажикстан Баткендеги Ак-Сай көпүрөсүн жылдырууну суранып жатат” дейт вице-премьер Маматалиев

 

14-майда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев басма сөз жыйында “Тажикстан тарап Баткендин Ак-Сай айылына курула турган көпүрөнү башка тарапка жылдырууну суранып жатат” деп билдирди. Айтымында, Тажикстанда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүдө 5 маселе каралып, жакшы чечимдерге келишиптир. Бирок Тажикстан бийлиги бир гана маселеге макул эместигин билдирген.

“Ак-Сай айылынын кире беришине көпүрө курушубуз керек эле. Бирок Тажикстан тарап "көпүрөнү 800-900 метр жогору жактан кургула" деп суранып жатат. Биз бул боюнча эки тараптын транспорт жана коммуникация министрлерине тапшырма бердик. Министрлер эки апта аралыгында бул маселени такташат”,- деди Маматалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: