super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги №1-СИЗОнун экс-жетекчиси Марс Жусупбеков Улуттук госпиталда дарыланууда

 

Бишкектеги №1-СИЗОнун мурунку жетекчиси Марс Жусупбеков Улуттук госпиталда дарыланууда. Муну Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка таянсак, 8-майда Жусупбеков №1-СИЗОдо медицина бөлүмү тарабынан кароодон өтүп, ага "өтө жогорку коркунуч туудурган гипертоникалык оору, мээдеги кан айлануунун курч мүнөздө бузулушу" деген болжолдуу диагноз коюлган. 

Жусупбековдун ден соолугунун начарлашынан ага "Тез жардам" бригадасы чакырылганы да айтылды. Андан кийин экс-чиновник СИЗОдон ооруканага которулган. 

Айта кетсек, жакында Бишкектин Октябрь райондук соту Марс Жусупбековду "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыраткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: