Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, Ош шаарында 60 чарчы метр болгон курулуш чарбасы күйүп кетти
Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болгон.
Ош шаарында 60 чарчы метр болгон курулуш чарбасы, 500 килограмм макулатура, 4 куб отун, 6 стол жана майда буюмдар күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.