super.kg logo
  Спорт  

Каржы министрлигинин 90 жылдык мааракесине арналган спартакиадада жеңүүчүлөр аныкталды 

 

Каржы министрлигинин 90 жылдык мааракесине арналган спартакиаданын футбол жана ок атуу боюнча мелдештери жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, футбол боюнча мелдешке министрликтин борбордук аппаратынан эки команда, Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун командасы, Борбордук казыналык жана "Инфо-систем" мамлекеттик мекемесинин бирдиктүү командасы, жети облустан бирден команда жана Бишкек, Ош шаарларынан бирден командалар катышты.

Эки күндүк мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ош командасы, 2-орунду Чүй командасы, 3-орунду министрликтин борбордук аппаратынын жана Борбордук казыналык "Инфо-систем" мамлекеттик мекемесинин бирдиктүү командалары ээлешти.

Ошондой эле ок атуу боюнча мелдеш да жыйынтыкталды. Мелдешке жалпысынан 25 мырза жана 20 айым кызматкер катышты. Жыйынтыгында мырзалар арасында 1-орунду Экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы Кыял Мукашев, 2-орунду Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ильяз Узенов, 3-орунду Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Дамир Наспеков ээледи. Айымдар арасындагы мелдеште 1-орунду Эльвира Акулуева, 2-орунду Мира Жусурова, 3-орунду Асел Исакова ээледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: