super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн жетишкендиктери көпчүлүк өлкөлөргө дем берет"

 

Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн жетишкендиктери көпчүлүк өлкөлөргө дем берет. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев Польшада өткөн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын башкаруучу кеңешинин жыйынында билдирди. Жыйын 14-майда Варшава шаарында өткөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Оторбаев өлкөдөгү өткөөл мезгилдин сабактары, анын өзгөчөлүктөрү, Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык маселелер боюнча баяндама жасады. Борбордук жана Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрү ийгиликтүү басып өткөн жолду белгилеген премьер буларды айтты:

“Биздин өткөөл мезгил көпчүлүк өлкөлөрдөй эле оор өтүүдө. Апрель окуясынан кийинки акыркы төрт жыл. Бирок биз кырдаалды турукташтырууга жетиштик. Акыркы эл аралык окуялардын тажрыйбасы көрсөтүп жаткандай, тартипти орнотуу негизги чакырык бойдон калууда”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: