"Бажы биримдигине кирүү кыргызстандык ишкерлерге 170 миллион керектөөчүсү бар рынокко жол ачат" деди Оторбаев

Бажы биримдигине кирүү Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнө 170 миллион керектөөчүсү бар рынокко жол ачат. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев Польшада 14-майда өткөн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын башкаруучу кеңешинин жыйынында билдирди. Оторбаев аталган банк аймактык кызматташтыкты күчөтүү менен Бажы биримдиги боюнча анализге аз көңүл буруп калганын белгиледи. "Ушу тапта биздин өлкөнүн Бажы биримдигине кириши боюнча активдүү иш жүргүзүп жатабыз",- деди премьер-министр.
Сөзүнүн аягында Оторбаев өлкөнүн аталган банк менен мындан ары да тыгыз кызматташарына ишенерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-1

