Бишкек ШИИББи түнкү убактарда спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатат
Бишкек ШИИББи түнкү убактарда спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы шаар мэри Кубанычбек Кулматовго сунуш киргизген. Анда саат 22:00дөн 09:00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө айтылган. Бул шаардагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аракечтикке каршы күрөшүү максатында сунушталууда.
Акыркы жылдары спирт ичимдиктерин ичип алышып мыйзам бузган жарандардын саны арткан. Алсак, 2010-жылы 3895 мыйзам бузуу катталса, 2011-жылы – 8700, 2012-жылы – 10138, 2013-жылы 16930га жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
saltanat.

15.05.2014. 12:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Давно эле ошондой кылыш керек болчу. Россияда түнкү 11 ден кийин сатылбайт.
aismiris

15.05.2014. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
18 ге жетелектерге тамеки и спирт ичимдиктерин сатпоо учун да штрафты кобойтуп проверкаларды тез тез жургузуп туруш керек !!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.