Бишкекте парламенттик ишмердүүлүк жөнүндө илимий-изилдөө кызматтарынын ролу тууралуу тегерек стол өтөт
Бишкекте бүгүн, 15-майда “Германиянын Бундестагынын мисалында парламенттик ишмердүүлүк жөнүндө илимий-изилдөө кызматтарынын ролу” деген темада тегерек стол өтөт. Муну парламенттин маалымат кызматы билдирди. Иш-чараны Жогорку Кеңештин аппаратынын Илимий-изилдөө борбору уюштуруп жатканы айтылды. Тегерек стол парламентте өтүп, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү парламент ишиндеги илимий-изилдөө кызматтарынын орду тууралуу атайын баяндамаларды жасашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

