super.kg logo

Нигерияда жергиликтүү тургундар чабуул жасаган "Боко Харамдын" 200 согушчанын өлтүрүп салышканы айтылды

 
Нигериянын Борно штатында жергиликтүү тургундар аймакка чабуул жасаган "Боко Харамдын" 200 согушчанын өлтүрүп салышты. Бул тууралуу 14-майда "Nigerian Watch" ММКсына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Маалым болгондой, экстремисттерге каршы ыктыярдуу отрядга жергиликтүү тургундар кошулган, алар айылга чабуул жасап келген согушчандарды өлтүрүп, айрымдарын колго түшүрүшкөн. Бул Борно шаарындагы апта ичиндеги исламисттер тарабынан жасалган экинчи чабуул. 
9-майда дал ушундай терактта 30га чукул жаран курман болгон. Анда экстремисттер Камерундан алыс эмес жердеги көпүрөнү жардырып салышкан эле. Ал эми февраль айында христиандар жашаган айылга чабуул коюлуп, жүздөгөн жашоочу көз жумган. 

Борно, Йобе жана Адамава штаттарында өзгөчө кырдаал киргизилип, бийлик аталган райондорго кошумча куралдуу күчтөрүн жөнөттү. Алар террорчуларга туруштук бере албай калганда жашоочулар өз алдынча күрөшүү үчүн отряд түзүшкөн.

Бийлик менен радикал-экстремисттердин куралдуу тиреши апрель айында күч алган. "Боко Харамдын" өкүлдөрү 200дөн ашуун мектепте окуган кыздарды уурдап кеткен. Андан соң кыздарды кулчулукка сатып, турмушка чыгууга мажбурлашарын айтышкан. Бийлик исламисттер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдугун бергенде согушчандардын лидери Абубакар Шекау кыздарды кармалган тарапташтарына алмаштыруу боюнча талап койгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.05.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
"Дин фанаттары" бизде да кобойvп баратат. Алар да эртен "Боко Харам" кыймылын тvзvп алышпаса болду
15.05.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bazar, Оозунузга таш! Кудайым озу сактссын!
15.05.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошон учун мыйзамдын чегинде катуу кату чара коруп койуш керекда, кичине эле башы чыкса
15.05.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жок кылыш керек мыйзам сыйзамсыз эле тыптыйпыл кылып
15.05.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динди тыйгандан коро, аракты бангиликти коррупцияны тыйгыла!изилдоо жургузгуло!! арактан эле канча киши олуп олтуруп атышат! меенерди жакшылап иштеткиле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: