Бишкекте 22 жаштагы айдоочу жол-кайгуул кызматкерлеринен качууга аракет кылган
Бишкекте унаасынын терезеси караңгылатылган айдоочу МАИ кызматкерлеринен качууга аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 08:00 чамасында Байтик баатыр көчөсүндө 22 жаштагы Азизбектин башкаруусундагы Мерседес 320 унаасы токтотулган. Ошол учурда ал жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, качууга аракет кылган. Бирок МАИ кызматкерлери унааны өз учурунда токтотуп калууга үлгүрүшкөн.
Айдоочу унаасынын эки алдынкы каптал терезелерин караңгылатып алган. Учурда унаа айып жайга киргизилип, протокол түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.