"Коңшусун сабап, зордуктоого аракет кылган" деп шектелип Токмок шаарынын тургуну кармалды
"Коңшусун сабап, зордуктоого аракет кылган" деп шектелип Токмок шаарынын тургуну кармалды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 13-май күнү Токмок шаардык милициясынын кызматкерлерине Тынчтык көчөсүндө жайгашкан үйдөн аял кишинин жардам чакырып кыйкырып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери 42 жаштагы А.А. аттуу жаранды кармашкан. Белгилүү болгондой, аталган жаран жабырлануучунун кошунасы болгон жана ур-токмокко алуу менен зордуктоого аракет кылган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.