Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери «Бишкек жазы-2014» фестивалын ачышты










Борбор калаадагы "Сейтек" Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда «Бишкек жазы – 2014» жогорку окуу жайлар арасындагы студенттер фестивалы болуп өттү. Кечени И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери «Кара жорго» бийи менен ачышты. Андан соң манасчы Асаналы Калил уулу "Манас" айтып, окуу жайдын көркөм маданият жана билим берүү факультетинин студенттери өз таланттарын элге тартуулашты.
Окуу жайдын тамаша жаратуучулары фестивалдын катышуучуларына жылмаюу тартуу кылышты. Студенттер бир гана кыргыз бийин эмес, латын бийин бийлеп беришти.
«Эркиндик бульвары», «Смуглянка», «Мен кыргызмын» жана «Кыргызстан» аттуу ырлар ырдалып, саамалык жагымдуу маанайда уланды. Бул тууралуу 15-майда окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.