super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөт берген насыянын 30 пайызын жарандар той-ашка жумшап салышууда" дейт депутат Нышанов

 

Кыргызстан агрардык өлкө делгени менен, анын алыскы аймактарындагы колдонулуп жаткан айыл чарба техникаларынын 90 пайызы эски. Муну депутат Сайдулла Нышанов айтканын 15-майда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Депутаттын билдиришинче, эски техникалар айыл чарбасында кризистик кырдаалды жаратууда. 

"Өткөн жылы дыйкандарга 3 миллиард 124 миллион сомдун тегерегинде насыя берилген. Ал эми быйылкы жылдын май айына карата таратылган насыялардын эсеби 3 миллиард сомдон ашты. Өкмөт бул сумманы дагы 5 миллиард сомго жеткирүүнү көздөп жатат. Бирок Жогорку Кеңештин тармактык комитети бул сумманы 7 миллиард сомго жеткирүү сунушун көтөрдү",- дейт депутат. 

Нышанов алынган насыялардын дээрлик 30 пайызга жакыны айыл чарба жумуштары үчүн эмес, той-аш сындуу башка жактарга жумшалып жаткандыгы катуу көзөмөлдү талап кылып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: