super.kg logo
  Саясат  

Улуу Британияда өткөн жарманкеде кыргыздын улуттук буюмдары ханбийкенин мактоосуна татыды

 
Кыргыз делегациясы КРнын Улуу Британиядагы элчилигинин колдоосу менен 13-14-май күндөрү Лондон шаарында өткөн 55-эл аралык кайрымдуулук жарманкесине катышты. 

Борбордогу Кенсингтон районунда өткөн иш-чарага 80ден ашуун мамлекет катышып, 100гө чукул бурч жасалды. Кыргызстандын түркүн түскө боёлгон экспозициясын улуттук сувенирлер жана кийизден жасалган моюн орогучтар толуктады. 

Саамалыкта атайын Бишкектен барган Фарзана Шаршенбиева жана Улуу Британияда жашаган Гүлсара Девистин буюмдары көргөзмөгө коюлду. Кыргыз уздарынын колунан жасалган буюмдар британиялыктардын кызыгуусун арттырды. 

Падыша бүлөсүнүн мүчөсү, ханбийке Александра Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнө суктанып жаткандыгын айтып, эл аралык фестивалга активдүү катышып келген кыргыз делегациясына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу 15-майда ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: