Базар-Коргондун 2 айылындагы зым карагайлар оор абалда экени айтылды
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр жана Жай-Терек айылдарынын зым карагайлары оор абалда. Муну депутат Сайдулла Нышанов айтканын ЖКнын маалымат кызматы 15-майда билдирди. Зым карагайлар гана эмес, электр чубалгылары тартылган чайнекчелер талкаланып, зымдар араң уланып турганын айтат депутат.
"Жергиликтүү эл биринчи иретте ушул маселенин теске салынышын суранышты. Ал жерде деле мектеп, оорукана, жол каттамдары жана таза суу көйгөйлөрү жок эмес",- дейт Нышанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

