"18 жаштагы кызды зордуктады" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды
"18 жаштагы кызды кызды зордуктады" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Берилген маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлерине 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Султан жана Чыңгыз аттуу эки жаран аны Шалта айылынын чет жакасына алдап алып чыгышып, күч колдонуп зордукташканын билдирген.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн бири болгон Султан аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.