Кемин районунда болгон селдин кесепетинен 10 турак үй жараксыз абалга келип, келтирилген чыгым 15 миллион сомдон ашты

Бир апта мурун Кемин районунда болгон селдин кесепетинен 10 турак үй жараксыз абалга келип, келтирилген чыгым 15 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда селдин калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, 7-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кызыл-Октябрь айылындагы сел жүргөн. Болжол менен 250 үйдүн короо-жайын суу каптаса, 30га жакын үйдүн ичине суу кирип кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.