super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды

 
Бүгүн, 15-майда Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун кызматташуусунун актуалдуу маселелери, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында өз ара кызматташуунун мындан аркы перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы ЭВФнын Кыргызстанда жүргүзгөн ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, программанын мамлекеттик бюджетке колдоо көрсөтүүгө каражаттарды пайдалануу боюнча да, өлкөнүн экономикалык жана түзүмдүк көрсөткүчтөрүн ишке ашыруу боюнча өз мойнуна алган милдеттенмесин аткаруу боюнча да  бөлүктөрүнүн ийгиликтүү аяктагандыгын белгилеп өттү. 

“ЭВФ программасы Кыргызстан кыйын кезди баштан кечирип жаткан мезгилде кабыл алынган. Бул жардам абдан керектүү жана пайдалуу болду”,- деди Атамбаев. 

Президент фонддун башчысы катары өз ишмердигин жыйынтыктап жаткан Кристиан Беддиске жыйынтыктуу иши үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстандын ЭВФ менен кызматташуусун өнүктүрүүдөгү жеке салымын баса белгилеп өттү. 

Жолугушууга Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Юрий Соболев дагы катышты. 

Маалымдама: Кристиан Беддис ЭВФнын Кыргыз Республикасы боюнча миссиянын башчысынын милдетин 2011-жылдан бери аткарып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: