super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева табият кырсыктарынан жабыркагандар боюнча эл аралык уюмдарга кайрылат

 

Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева 15-майда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен бирге Чүй облусунун Кемин районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр таркан Кызыл-Октябрь айылына барып, селдин кесепети менен таанышты.

Маалыматка таянсак, 7-майда жүргөн сел 300 короо-жайды каптап, 10 үй жарактан чыгып, дагы 80 үй байкоого алынган. Зыяндын көлөмү 15,6 миллион сом. Ушу тапта аймакты ылайдан тазалоо, жергиликтүү тургундардын үйлөрү менен мектептин жер төлөлөрүн агындыдан арылтуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Вице-спикер менен министр айрым үйлөрдүн абалын көргөн соң, аларды өз категориялары боюнча тизмеге киргизүү тапшырмасын беришти.

Андан сырткары Асия Сасыкбаева табигый кырсыктан жабыр тарткан айылдардын тургундарына жардам берүү өтүнүчү менен эл аралык уюмдарга кайрыла турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: