ӨКМ Таластын Көпүрө-Базар айылында суу каптоо коркунучу жаралган дарыяны тазалоодо
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында суу каптоо коркунучу бар дарыя нугун тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык, 8-январь күнү айылдан өткөн Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолундагы Каракол дарыясындагы көпүрөнүн жанынан суу тоңуп, андан ашкан суу жашоочулардын үйлөрүн каптоо коркунучу жаралган. Учурда ал жерде 1 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа иш жүргүзүп жатканын билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

