Таластагы 9 айыл өкмөттүн башчыларына документ иштери боюнча семинар өткөрүлдү
13-майда Мамлекеттик кадр кызматынын Борбордук аймактык өкүлчүлүгү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы айыл өкмөт башчыларына семинар өткөрдү. Семинарга 9 айыл өкмөттүн башчылары жана жооптуу катчылары катышканын бүгүн, 15-майда аталган кызматтан билдиришти.
Автор: Автандил Добулбеков
Иш-чаранын катышуучуларына муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик актылар боюнча түшүндүрмө берилгени айтылды. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы маселелер талкууга алынып, сунуштар айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

