Бишкекте Свердлов райондук сотунун судьясы "опузалап пара талап кылган" деген шек менен иш бөлмөсүндө кармалды
Свердлов райондук сотунун судьясы "опузалап пара талап кылган" деген шек менен иш бөлмөсүндө кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, укук коргоо кызматкерлерине Т.А. аттуу айым кайрылып, Свердлов райондук сотунун С.К. аттуу судьясы анын абактагы инисине оң чечим чыгарып берүү үчүн 40 миң сом пара талап кылып жаткандыгын кабарлаган.
Кийин аталган судья Т.А. аттуу айымдан 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.