super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү өткөн жылы 5 миллиард долларга барабар болгон

 
Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын соода тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Орусиядан кийинки экинчи орунда турган Кытай менен сырткы соода жүгүртүү өткөн жылы 1 488,6 миллион долларга барабар болгон. Бул тууралуу КРнын Президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн кыргыз-кытай мамилелери жөнүндө жазылган материалда көрсөтүлгөн.
Ошону менен катар экспорттун көлөмү 2,4 пайызга жогоруласа, импорт 31,2 пайыз өсүштү көргөзгөн. КЭРдин Коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, соода-сатыктын көлөмү 5 миллиард 138 миллион АКШ долларын түзгөн. Анын ичинде Кытайдан Кыргызстанга товар жөнөтүү 5 миллиард 75 миллион доллар болсо, товар алуусу 63 миллион доллар болгон. 
Мындан сырткары эки өлкө ортосунда бирдиктүү экономикалык долбоорлор иш жүзүнө ашуу алдында турат. КЭРДин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында ири экономикалык долбоорлорго кол коюлган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: