Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү темасында аймактык журналисттерге семинар өткөрүлөт
15-18-май күндөрү аймактык ММКлардын кабарчылары үчүн "Кыргызстанда парламентаризмди калыптандыруу жана өнүктүрүү, Жогорку Кеңештин негизги иш-милдеттери" деген темада семинар өткөрүлөт. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарындагы ММКлардын кабарчылары чакырылган. Эксперттер Зайнидин Курманов менен Айчүрөк Назаралиева семинардын катышуучуларына Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүнүн негизги этаптары, Жогорку Кеңештин иш-милдеттери, өкмөт, саясий партиялар, шайлоочулар менен өз ара иштешүү механизмдери тууралуу маалымат берет" деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

