super.kg logo

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата «Аскер таланттары» аттуу сынак өтүүдө (фоторепортаж)

 
Сынакта патриоттук ырлар аткарылды.
Сынакка келген көрүүчүлөр.
Сынакка келген көрүүчүлөр.
Сынакта патриоттук ырлар аткарылды.
Аскер окуу жайынын курсанттары өз командасын колдоп турушту.
Келечектеги мекенди коргоочулар.
Сынакта согуш талаасы чагылдырылды.
Сынакта согуш талаасы чагылдырылды.
Сынакта мекен темасындагы ырлар көркөм окулду.
Сынактын катышуучуларынын таланттарын аскердик окуу жайынын окутуучулары, маданият кызматкерлери баалашты.
Сынактын жүрүшүнөн
Сынактын катышуучуларын көрүүчүлөр колдоп отурушту.
Мекен үчүн курман болгон аскерлердин эстелигин чагылдырган элес.
Патриоттук ырлар хор менен аткарылууда.
Сынактын катышуучулары офицердик вальс менен.
Катышуучулар заманбап бий бийлеп жатышат.

Бишкекте бүгүн, 16-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына арналган «Аскер таланттары» аттуу сынактын акыркы этабы болуп өттү.

Сынак аскер бөлүктөрүндө кыш мезгилинде жарыяланып, анын баштапкы этабы Коргоо министрлигинин туруктуу жайгашкан кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 23-февралда өткөрүлгөн. Ал эми тандоо этабы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнө арналып өтүп, анда жеңүүчүлөрдөн курама командалар түзүлгөн.

Бул маданий-аскерлештирилген сынакка Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын, Борбордук баш ийүүдөгү кошуундар менен бөлүктөрдүн, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин чыгармачыл топтору катышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орун КР КК Аскер институтунун тобуна, 2-орун Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын тобуна ыйгарылды. Ал эми 3-орунга Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тобу татыктуу болду.

Офицердик вальс менен заманбап бийлер, жекече номердеги жана хор менен аткаруудагы аскердик-патриоттук, эстрадалык ырлар мамлекеттик жана расмий тилдерде аткарылды. Ал эми 2014-жылдын 29-майында сынактын лауреаттарынын катышуусунда гала-концерт болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.05.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекенибизди каттуу коргогула Кыргызстаныбыздын Куралдуу күчтөрү!Аскер кийимчендер мага аябай жагат.
Таланттыңыздарга таазим!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: