super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте сот тутумунун кызматкерлеринин ортосунда кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат

 
Бишкекте бүгүн, 16-майда КРнын Жогорку Сотунун 90 жылдык мааракесине жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин ортосунда кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат.

Анда КРнын Судьялар кеңешинин төрагасы, Жогорку Соттун судьясы Жакып Абдрахманов мелдештин командаларын жана келген конокторду куттуктап, сот тутумунун спорттук жашоосунда бүгүнкү күн өтө олуттуу экенин белгиледи. "Кыргыз Республикасынын тарыхында соттор арасында мини-футбол боюнча мелдеш биринчи жолу өтүп жатат. Адам баласынын жашоосунда, өзгөчө жаштар үчүн спорт – бул физикалык жана моралдык тарбия, дүйнө таануу боюнча башкы мектеп, адамдык жогорку баалуулуктарды үгүттөөнүн негизи, ден соолукту чыңдоо, сергек жашоого үндөө. Бүгүнкү мелдеш спорттук багытта өнүгүүнүн мындан аркы стимулу жана ар бир катышуучунун эсинде унутулгус окуя болуп каларына ишенем",- деди Абдрахманов.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын футбол талааларында өтүүдө. Мелдешке Бишкек шаардык сотунун, облустук, аскер сотторунун, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин командалары жана Жогорку Соттун 2 командасы катышууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: