super.kg logo
  Саясат  

Депутат Каныбек Осмоналиев мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө алдамчылык болгонун айтты

 

Бүгүн, 16-майда парламент депутаты Каныбек Осмоналиев маалымат жыйында мугалимдердин айлык акылары тууралуу пикирин билдирди. Айтымында, мугалимдердин эмгек акысы 15 миңге көтөрүлдү деп айтылганы менен, иш жүзүндө орточо айлык 5 миң сом.

"Мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 5 миң сом экен. Муну мектеп мугалимдери өздөрү айтышты. Өкмөт 2011-жылы, андан кийин да мугалимдердин айлыгы 2 эсе көтөрүлгөнүн бир канча ирет жарыялап келген. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы депутаттар жаңыдан гана иштеп баштаганда, министр Канат Садыков парламентке келип, 1-майдан баштап мугалимдердин акысын жогорулатууну сунуштаган. Кийин отчётторун көрсөтүшкөндө депутаттар шатырата кол чаап, ошол кездеги каржы министри Акылбек Жапаров менен Канат Садыковду мактаганбыз. Бирок өкмөт алдамчылыкка барыптыр",- дейт Осмоналиев.

Мугалимдер сабактарды кыйынчылык менен өтүп жатышканын айтат.

"Өкмөт айлык акыны жогорулатуу менен бардык кошумчаларды, категория боюнча төлөнүүчү акчаларды алып салыптыр. Алган айлыгы үчүн мурун мугалимдер 18 саат менен иштешсе, улам жогорулатып отуруп бүгүнкү күндө 27 сааттан иштеп жатышыптыр. Бул мугалимдерге оордук жаратып жатат”,- деди депутат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: