Канн кинофестивалында актриса Николь Кидман тартылган тасма ызы-чууга кабылды (фотолор)



Режиссёр Оливье Даан жана Тим Рот


Актёр Тим Рот

Канн кинофестивалынын ачылыш аземинен

Николь Кидман

Елена Ленина

Актриса Адель Экзаркопулос

Телеалпаруучу Кендалл Женнер

Актриса Чжан Цзыи

Актриса Блейк Лайвли

Актриса Зои Салдана

Актриса жана модель Летиция Каста

Николь Кидман жана Тим Рот кызыл килемде

Николь Кидман

Карли Клосс — америкалык супермодель

Актриса Масами Нагасава

Аида Йеспика — венесуэлалык модель жана актриса.
14-майда кечинде Канн Эл аралык кинофестивалынын 67-ачылыш аземи болуп өттү. Аны француз режиссёру Оливье Даандын "Ханыша Монако" тасмасы ачты. Бул тасмада америкалык актриса, "Оскар" сыйлыгынын ээси, 1989-жылы каза тапкан княгина Грейс Келлинин жашоосу сүрөттөлөт. Келлинин ролун өткөн жылкы Канн фестивалында калыстар тобунун мүчөсү болгон актриса Николь Кидман ойногон.
Кинофестиваль ачылып, тасма элге көрсөтүлдү. Бирок бул кечеге Монако бийлиги катышуудан баш тартты. Анткени княгина Келлинин уулу, князь Монако Альбер II "Тасмадагы окуялар чындыкка коошпойт. Бул биографиялык тасма эмес" деп расмий түрдө нааразычылыгын билдирген эле. Монако бийлигинин өкүлдөрү сценарийге бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын айтышканын, бирок режиссёр кулак салбай койгондугун айтып чыгышты.
Алардын мындай сындарына тасманын режиссёру Оливье Даан "Биз эч кандай жаман нерсени чагылдырган жокпуз. Князь үйүнүн бойкоту тасманын кийинки тагдырына таасирин тийгизе албайт. Тасма жакында прокатка чыгат" деп жооп кайтарган.
Ушундай ызы-чуу менен коштолгон Канн фестивалынын ачылыш аземи Голливуд жылдыздарынын кызыл килемден өтүүсү менен башталган.
Белгилей кетсек, быйыл бул фестивалда жалпысынан 18 тасма көрсөтүлөт. 25-майда фестивалдын жабылыш аземи өтүп, сыйлыктар тапшырылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Lavanda

17.05.2014. 09:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида Йеспиканын көйнөгү жакты.
Lumia-800

18.05.2014. 12:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Николь Кидман жакшы актриса.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.