super.kg logo
  Саясат  

Индияда парламенттик шайлоодо оппозиция лидерлик кылууда

 

Индияда 7-апрелден 12-майга чейин 9 этап менен өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылууда. Анда оппозициялык партия лидерлик кылып жатат. Муну бүгүн, 16-майда чет элдик маалымат булактары жарыялашты.  

Оппозициялык “Бхаратия Жаната парти” партиясы башкаларга салыштырмалуу алдыга чыгып, 543 шайлоо округунун 96сынан лидерлик кылып жатат. Ал эми “Индия Улуттук конгресс” партиясы 42 округдан көп добуш алганы айтылууда.

Айта кетсек, өкмөттү өз алдынча куруу укугун ала турган партия парламенттеги 543 мандаттын 272син ээлеши шарт. Эгерде бул шайлоодо оппозиция утуп чыкса, оңчул партиялардын биринчи ирет жеңилгени болот.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: