super.kg logo
  Саясат  

Хрущёв менен Брежневдин жеке котормочусу Виктор Суходрев көз жумду

 

Советтик мамлекеттик ишмерлер Никита Хрущёв менен Леонид Брежневдин жеке котормочусу болуп иштеген Виктор Суходрев 82 жаш курагында дүйнө салды. Муну бүгүн, 16-майда орусиялык ММКлар жарыялашты.

Котормочу өз убагында Михаил Горбачёв менен да иштешкени белгилүү. Суходрев иштешкен чиновниктеринин ичинен макалдата жана тамаша аралаштырып сүйлөгөн Хрущёвдун айткандарын которуу кыйынчылык жаратарын моюнга алган. Хрущёвдун айтылуу "Биз силерди көмөбүз" деген фразасын да Суходрев которгон. Бул сөз 1956-жылдын 18-ноябрында батыштык элчиге даректелген. Социализмдин эффективдүүлүгүн даңазалаган учкул сөздүн толук варианты мындайча: "Силерге жагабы, жакпайбы, бирок тарых биз тарапта. Биз силерди көмөбүз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: