super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" фракциясы өз алдынча курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгесин колдоду

 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын бүгүн, 16-майдагы жыйынында "2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча жеке турак жай курулган жер тилкелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев өз алдынча курулган турак үйлөрдү легалдаштыруу тезинен чечилүүнү талап кылган өтө маанилүү маселе экенин айтты. "Ош жана Бишкекте өз алдынча курулган жеке турак жайларда жашаган жарандарга социалдык кызматтар көрсөтүлбөй жатат. Мындай абал социалдык көйгөйлөрдүн келип чыгышына түрткү берет. Ошондуктан бул багытта кескин чаралар көрүлүүгө тийиш",- дейт Текебаев.

Талкууда депутаттар бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бишкек жана Ош шаарларын өнүктүрүү планын тез арада иштеп чыгуу керектигин белгилешти. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: