"Түндүкэлектр" ААКсы: "Свет текшерүүчүлөргө кол салуулар болууда"
"Электр энергиясын мыйзамсыз колдонгондор свет текшерүүчүлөргө кол салууда". Бул тууралуу 10-январда “Түндүкэлектр” ААКсынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка таянсак, мыйзамсыз 3 фазага кошулуп же электр чубалгыларына туташып алгандардын электр жарыгы өчүрүлгөндө үйдүн же мекеменин ээлери тарабынан контролёрлор жабыр тартышууда. Булардын бири өткөн 2012-жылдын январь айында Аламүдүн РЭСтин кызматкерине абоненттин светин өчүргөнүндө ага каршы чыккандар уруп-согуп, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ошондой эле 7-январда КТРКнын журналисттерине кол салуулар да абоненттер тарабынан болгону маалым.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

