super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү министри Канат Садыков жаңы программа кабыл алып, бирок эски систем менен иштеп жатканы айтылды

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин бөлүм башчысы Айнагүл Супатаева “Билим берүү министрлиги “Куррикулум” деген жаңы программаны кабыл алып коюп, бирок эски систем менен иштеп жатат” дейт. Муну бөлүм башчы бүгүн, 16-майда депутат Каныбек Осмоналиев өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, министрлик мамлекеттик стандарт деп атайын “Курикулум” программасын мындан төрт жыл мурун кабыл алган. Бирок ал иш жүзүндө иштебей жатат.

Бул программа менен биз балдарды мектепке барганга чейин жана мектепте окуп жатканда мамлекеттик деңгээлде окута алабыз. Бирок кабыл алып коюп, иш жүзүндө аткарылбай жатат. Программанын шарттарына жараша китеп даярдалып, ал колдонууга берилиш керек эле. Китептер, окуу программалары иштей элек. Демек, балдарды эски систем менен окутуп жатабыз”,- деди Супатаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: