Бишкекте “сойкулук жасоо үчүн атайын жайларды уюштурган" деп шектелген Кытайдын жарандары 1 жылга эркинен ажыратылышты
Бишкекте “сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү” беренеси менен айыпталып жаткан Кытайдын жарандары бир жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов райондук соту кытайлык жарандар Сюй Сюанцзе, Шу Фенгвей жана Ян Цзян Ронгду 1 жылга кесүү боюнча чечим чыгарып, алар сот залында камакка алынышкан.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айында кытайлык жарандар жалаң кытай жана корей жарандары же чет элдиктер гана кире ала турган караоке-клубун ачышып, ал жакта сойкулук жасоо үчүн атайын жай уюштуруп алышканын укук коргоо органдары аныктап чыгышып, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

1. Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат!
2. Провокацияга жол берилбейт.
Salimboy - 5 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.