super.kg logo
  Саясат  

Сокулуктун тургундары жер тилкелерин алууда кыйналып жатканын айтышты

 
Кыргызстанда айдоо жерлерин көбөйтүүгө өкмөт атайын акча бөлүшү керек. Муну парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-майда Cокулук районундагы иш сапарында жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар турак жай салууга жер тилкесин алуу маселеси карапайым калкты кыйнап жатканын айтышты. Парламент жетекчиси жер тилкелерин алуу боюнча жергиликтүү бийлик генералдык планды түзүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгилеп, ал айдоо аянттарына зыянын тийгизбеши керектигин төмөнкүчө кошумчалады: "Айдоо аянттарын көбөйтүшүбүз керек. Бул багытта өкмөт атайын каражат бөлүшү зарыл".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: