super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 2013-жылы 35 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылган

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-майда Чүйдүн Сокулук районунун тургундары менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда тургундар бала бакчалардын тартыштыгын айтышты. Жээнбеков былтыр Жогорку Кеңеште атайын токтом кабыл алынганын, анын негизинде 2013-жылы 35 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылганын айтты. "Убагында бала бакчалардын имараттары оңду-солду таратылып кеткен. Бул элге кылган душмандык десем аша чапкандык болбос. Биз мыйзамсыз берилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтара баштадык. Келечек ээлери болгон жеткинчектерге, жаштарга жеткиликтүү көңүл бурушубуз зарыл. Жакынкы аралыкта бала бакча, мектеп, социалдык объектилердин курулушун көбөйтөбүз",- деди төрага.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: