Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды
Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталганын бүгүн, 17-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы болгон.
Токмок шаарындагы “Мүрөк” мал базарында жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 300 чарчы метр келген бастырма, ашкана түрүндө пайдаланылган 3 курулуш вагонунун жана ветеринардык дарыкананын бардык күйүүчү буюмдары күйгөн. Учурда ээлери такталууда. Өрт чыккан жерден 14 газ баллон жарылган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.