super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы менен болчу жолугушууга жөнөп кетти 

 

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда Кытайга мамлекеттик иш сапары менен жөнөп кетти. 

Шанхайдагы "Пудун" Эл аралык аэропортунда президент жана жубайы баштаган топту Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, Кытайдын ички иштер министринин орун басары Чэнь Гопин, Шанхайдын вице-мэри, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй тосуп алары күтүлүүдө.  

Андан соң президенттин шаардык пландоо музейинде болору аныкталды. Ал жерде Шанхайдын генералдык планы көрсөтүлөт. Андан кийинки сапар Шанхай тарых музейине жана саат 16:30да мамлекеттик резиденцияны карай уланат.

Атамбаевди Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь жубайы Пень Лиюань менен тосуп алат. 

Туура 17:00дө толук курамда жолугушуу уюшулат. Ага кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Э.Абдылдаев, С.Исаков, К.Бактыгулова, А.Арапбаев, А.Баатырбеков, Б.Жетигенов, Э.Сакебаев, С.Нышанов, О.Артыкбаев, К.Султанов, К.Исаев катышат.    

Кошумчалай кетсек, бул саммитке 40тай өлкөнүн келүүсү күтүлүп жатканы, анын ичинен Кыргызстан жана Казакстанды гана мамлекеттик иш сапарга чакырганы кечээ, 16-майда белгилүү болгон. Саммитте сөз болуучу негизги маселе Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук болуп саналат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: