super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев "Бозумчак" алтын кени менен таанышып чыкты

 
Бүгүн, 17-майда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусундагы иш сапарында "Бозумчак" алтын кениндеги иштер менен таанышып чыкты. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кен казуу менен алектенип жаткан "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясынын жетекчиси Ильяс Тулекеев алтын өндүрүү иштери 2006-жылдан бери жүрүп жатканын айтты. "Учурда бул жерде 563 адам иштейт. Өндүрүш толук кубаттуулукта ишке кирсе, жумушчулардын саны 820га чейин көбөйө турганын билдирди. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундар",- деди Тулекеев. Жоомарт Оторбаев кендин калдык сактоочу жайын да көрдү. "Бозумчак" алтын кенинде өндүрүштүн толук кубаттуулукта ишке кириши өлкө экономикасы үчүн маанилүү маселе. Жаңы иш орундары түзүлүп, казынага кошумча киреше түшө баштайт. Республикалык бюджетке жылына 1 миллиард сом түшөт",- деди Оторбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: